Салижан Жигитов менен Дооронбек Садырбаевдин одүйнөдөгү оозеки айтышы

Автор aitysh, Октябрь 31, 2012

Саке: Кайрап бүлөөр какшыгы Кандай, Доке, жакшыбы? Жарык күндөн ажырап Жан жай алып жаттыбы? Саясатсыз, митингсиз Сага бул жер жактыбы? Жай бербеген чыркырап Жаның чындык таптыбы? Кубалатып артынан Куу турмуштун актыгы:.. Куудулдукка салчу элең, Куп таап чыгып фактыны. Кайран эл (…)

Читать далее »

Ширин Айтматова менен Дамира Ниязалиеванын айтышы

Автор aitysh, Октябрь 19, 2012

Ширин Айтматова: «Фарм Трейд» деген э-эй ишканаң Ширинди сотко берет деп, Көөдөй жалаа жаппагын Көргүлүктү көрөт деп. Актаныш үчүн сен эптеп, Эми «Фарм Трейддин» Ээси такыр бөлөк деп, Элдин мээсин айлантчу Эл өкүл болдуң алдамчы. Медайым кезде илгери Менчигиндей карманчу (…)

Читать далее »

Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун абактагы айтышы

Автор aitysh, Октябрь 15, 2012

Учурда абакта жаткан эки саясатчынын биринчи айтышы бул жерде. Садыр Жапаров: Э-эй, кудай урган Камчыбек, Чууну кайдан салды элең? Ала көөдөк, чоң муштум Акүйгө неге барды элең! Чынгызхандай болом деп, Такка ушунча зар белең? Аттап темир кашаадан Кайда намыс-ар деген. (…)

Читать далее »

Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров айтыша кетти

Автор aitysh, Октябрь 15, 2012

Камчыбек Ташиев: Э-эй, баштадык эле эмнени, Балээ басты, келмеңи Баса-баса айт, Садыр! Бакырып Акүй чендеги Башаламан митингде Баштап ийди эл нени? Жапырт эртең көтөрөм Жалалабат жергеми. Көлдүктөрдү козутуп Көтөрө көр сен деги. Башка бизде чара жок, Башта кана, термеңи! Комузуңду (…)

Читать далее »

Акаев менен Бакиевдин айтышы

Автор aitysh, Октябрь 15, 2012

Аскар Акаев: Калк накылын карасаң: «Кардын башын кар жутат, Кандын башын кан жутат» – Таамай келди дал ошол. Кезек келди табалаар, Кез келдиби сагалаар? Көргүлүктү сен дагы Көрдүң катын-баладан. Мени качкын дедилең, Беш жыл өтүп арадан: Кудай айткан көрүнөт, Курманбекти (…)

Читать далее »

Аргымактан чыккан айтыш

Автор aitysh, Октябрь 12, 2012

Өмүрбек Бабанов: Кайым айтышты улайлы, Компроматты эй-чубайлы: Коалиция бүлүндү Карасаң боло кудайды. Өчөшсөң эле ар кимге Өкүмөттү куумайбы? Өлкөдө кайнап саясат Өбөктөп дагы куурайбы? Экөөбүздүн эй-чатактан Эл жыйбай күздө буудайды Акыйнек жалаң айттырган Акүйдүн ичи чуу жай бу. Алптүшүп мени (…)

Читать далее »

Камчыбек Ташиев менен Хаджимурат Коркмазов айтыша кетти

Автор aitysh, Октябрь 12, 2012

Камчыбек Ташиев: Туз урсун сендей э-эй… немени, Чайкайын депсиң кемени. Эл өкүлү болду элең, Эсирипсиң сен эми. Ары жок сага жок экен «Ата-Журттун» кереги. Таарындык сага, мандаты Тапшыргының кел эми. Баркын анын билбесең, Башкасына берели.