Аргымактан чыккан айтыш

Автор: aitysh, октября 12, 2012

Өмүрбек Бабанов:
Кайым айтышты улайлы,
Компроматты эй-чубайлы:
Коалиция бүлүндү
Карасаң боло кудайды.
Өчөшсөң эле ар кимге
Өкүмөттү куумайбы?
Өлкөдө кайнап саясат
Өбөктөп дагы куурайбы?
Экөөбүздүн эй-чатактан
Эл жыйбай күздө буудайды
Акыйнек жалаң айттырган
Акүйдүн ичи чуу жай бу.
Алптүшүп мени кызматтан
Артыңды эптеп жуумайбы?

Өмүрбек Текебаев:
Абыдан шишиң толгондо,
Айкүргө чүкөң конгондо:
Акүйдө күчөп бизнесиң
Кеп, аргымак минген олжоңдо.
Айыбым чукуп чыгам деп
Аргумент жыйнап коргонбо.
Жеген деп чыктың мени да
Жетинчи апрель болгондо.
Жемсөөкор өзүң билемин,
Жел фактыңды колдонбо.

Өмүрбек Бабанов:
Күүлөнө бербе көп эле
Күнөөңдү тергөө тактайды.
Жоругуң укмуш, болбосо
Жок айыпты чаптайбы?
Юристмин дейсиң, баарысын
Юсупов айтып атпайбы.

Ээнбаштыкты кылыпсың,
Эл тартып жатса нак кайгы.
Абакка салаар оо мени
Аракетиң актайбы?

Өмүрбек Текебаев:
Кезегиң келди камалаар,
Кеңешим: поёк ала бар,
Кейип жаткан түрмөдө
«Келет» – деп сени «каралар»:
Азамат, Дастан, Абдулла
Абакта жолду каранар.

Өмүрбек Бабанов:
Мен жатчу орун абакта
Сеники болуп жүрбөсүн.
Элире бербе анчалык
Эрте го али дүрбөшүң.
Камалып өзүң эртеңден
Кас-душманың күлбөсүн.

Өмүрбек Текебаев:
Камалчу жанды көрөбүз,
Ашынсаң айтып коёюн:
Абийриң дагы төгөбүз.
Асылсаң «Ата-Мекенге»
Абакка сени тыкмайын
Аргумент менен көмөбүз.

Өмүрбек Бабанов:
Казамын далай оруңду,
Каакым көрбөйм догуңду.
Коалиция түзүлсө
Кайрале тосом жолуңду.
Оппозиция топтойм да,
Ойрон кылам оюңду.
Ошондо бир көрөсүң
Ооз ачтыраар оюнду.
Касташып калдык аянбайм
Капчыкта доллар, сомумду.
Көралбастык кылдыңбы,
Көрөсүң эми сонунду.
Калемгерлер табылат
Каната турган жонуңду.
Револуция баштаймын,
Жыйнай салып тобумду.
Калкты жыйноо опоңой
Кайнаткым келсе шоруңду.

Өмүрбек Текебаев:
НТС деген каналда
Эл-журтка канча жаманда:
Атымды булгай албайсың.
Айтаарым сага анан да:
Жетиштүү далил алдыда
Жемкорлугуң табам даа.
Желпине бербе эмитен,
Жеңишке жетип санааңда.
Акүйгөй кайтып барбайсың,
Ача жол турат алдыңда:
Же саясаттан калбайсың,
Же саяпкерликти тандайсың.
Жээкке чыгып калбаска
Жемкорлорду жандайсың.
Ойт берме болот барыбир
Оппозицияң менен жарбайсың.
Эсиң кетип аркимдин
Этегинен кармайсың.

Өмүрбек Бабанов:
Реформа жасар кез эле
Оодарып түштүң тез эле.
Не болду? – эл-журт түшүнбөй
Нес эле болду, нес эле.
Экономикалык кризис
Эми өсөт эки эсеге.
Чыркыратып чындыкты
Чыйкан болдуң чекеме.
Кас болду Канат Исаев
Дос болуп жүргөн кечеле.
Аргымак жайын өзүңө
Айтып барган экен-ээ!
Өч алыш үчүн карасаң
Өзү чыкпай жекеге.

Өмүрбек Текебаев:
Далайды дагы көрөсүң,
Дайныңды таппай «өлөсүң».
Далилиң бышык болбосо,
Даана абийриң төгөсүң.
Болот Шер эки ок жөнөттү,
Кайсы шартка көнөсүң?
Калпың чыгаар алдында
Кандай жооп бересиң?
Актанаар фактың болбосо,
Анык азап чегесиң.
Акүйдө тепкен чартаңбай
Айлакер эле немесиң:
«Аргымак белек болчу» деп
Аркимдин уктуң жемесин.
Ал күлүк каражолтойбу
Эми атсарайга келесиң.

Өмүрбек Бабанов:
Казамын далай оруңду,
Каакым көрбөйм догуңду.
Коалиция түзүлсө
Кайрале тосом жолуңду.
Оппозиция топтойм да,
Ойрон кылам оюңду.
Ошондо бир көрөсүң
Ооз ачтыраар оюнду.
Касташып калдык аянбайм
Капчыкта доллар, сомумду.
Көралбастык кылдыңбы,
Көрөсүң эми сонунду.
Калемгерлер табылат
Каната турган жонуңду.
Револуция баштаймын,
Жыйнай салып тобумду.
Калкты жыйноо опоңой
Кайнаткым келсе шоруңду.

Өмүрбек Текебаев:
НТС деген каналда
Эл-журтка канча жаманда:
Атымды булгай албайсың.
Айтаарым сага анан да:
Жетиштүү далил алдыда
Жемкорлугуң табам даа.
Желпине бербе эмитен,
Жеңишке жетип санааңда.
Акүйгөй кайтып барбайсың,
Ача жол турат алдыңда:
Же саясаттан калбайсың,
Же саяпкерликти тандайсың.
Жээкке чыгып калбаска
Жемкорлорду жандайсың.
Ойт берме болот барыбир
Оппозицияң менен жарбайсың.
Эсиң кетип аркимдин
Этегинен кармайсың.

Өмүрбек Бабанов:
Реформа жасар кез эле
Оодарып түштүң тез эле.
Не болду? – эл-журт түшүнбөй
Нес эле болду, нес эле.
Экономикалык кризис
Эми өсөт эки эсеге.
Чыркыратып чындыкты
Чыйкан болдуң чекеме.
Кас болду Канат Исаев
Дос болуп жүргөн кечеле.
Аргымак жайын өзүңө
Айтып барган экен-ээ!
Өч алыш үчүн карасаң
Өзү чыкпай жекеге.

Өмүрбек Текебаев:
Далайды дагы көрөсүң,
Дайныңды таппай «өлөсүң».
Далилиң бышык болбосо,
Даана абийриң төгөсүң.
Болот Шер эки ок жөнөттү,
Кайсы шартка көнөсүң?
Калпың чыгаар алдында
Кандай жооп бересиң?
Актанаар фактың болбосо,
Анык азап чегесиң.
Акүйдө тепкен чартаңбай
Айлакер эле немесиң:
«Аргымак белек болчу» деп
Аркимдин уктуң жемесин.
Ал күлүк каражолтойбу
Эми атсарайга келесиң.

«24.kg» сайтында 23- 28.08.2012-ж. жарыяланган

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.