Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров айтыша кетти

Автор: aitysh, октября 15, 2012

Камчыбек Ташиев:
Э-эй, баштадык эле эмнени,
Балээ басты, келмеңи
Баса-баса айт, Садыр!
Бакырып Акүй чендеги
Башаламан митингде
Баштап ийди эл нени?
Жапырт эртең көтөрөм
Жалалабат жергеми.
Көлдүктөрдү козутуп
Көтөрө көр сен деги.
Башка бизде чара жок,
Башта кана, термеңи!
Комузуңду чал, досум,
Коомдун болуп эрмеги.

Садыр Жапаров:
Э-эй, басабыз деп Акүйдү,
Башка балээ даа үйдүң!
Эси жок иш баштадың
Ээрчип сени даа күйдүм!
Элге эрмек табылды,
Эрте баштап камыңды.
Козгогомун «Кумтөрдү»
Коргош үчүн жанымды.
Жата бербей не таптың,
Жаралантып саныңды.
Кыпчылгандай иш кылып,
Кыйынсынган жайыңбы?
Камап бизди, Камчыке,
Кайрыйт эми сабыңды.
Кордуктарын көрсөтөт
Коргойсуң деп Сабырды!

Камчыбек Ташиев:
Кайратыңды жоготпо,
Камаар болсо тоготпо.
Калк колдосо түштүктөн
Кайра ишибиз оңот ко.
Таза кыргыз келмейин
Такка келип башкалар
Тазжорулар толот ко.
Такка ушинтсек жетебиз
Тактика бул ишке ашаар:
Таптакыр жок жомокто.

Садыр Жапаров:
Билбейм эмне кылышты,
Билермандай бул ишти,
Бекер досум баштадың,
МУКК, прокурор киришти,
Оңбой эми калдык ко,
Оппозицияны тыйышты.
Абал чатак болот ко
Абагына тыгышты…

(Уландысы бар)

«24.kg» сайтында 03.10.2012-ж. жарыяланган

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.