Рыспай Исаков: Ыпластыктын мекени экен Ындыстан,/Ыраак болсун ой-боюман, денеден

Автор aitysh, Март 18, 2013

– Рыспай, Индияга барып келипсиң. Эмне «базарлык» менен келдиң? Куру дегенде сапар кайрык жазуу ойго келдиби? – Келмек түгүл, жаздым. Ар күндү кандай өткөргөнүмдү шурудай тизмектей албасмын, чачыратып жаздым. Кеп башынан болсун эмесе… Капыл-тапылдан Индияга сапар чыгып, Алмата аркылуу жөнөп (…)

Читать далее »

Зарылбек Рысалиев менен Шамил Атаханов айтыша кетти

Автор aitysh, Март 16, 2013

Шамил Атаханов: – Э-эй, күпүлдөгөн Зарылбек, Тергөө ишин далилдеп, Койгонсуйсуң тим эле, Бабановдун камын жеп… Пара алган окшойсуң Парламентте жаның жеп.

Жылдыз Мамбеталиева менен Наристе Алиева айтыша кетти

Автор aitysh, Март 14, 2013

Бүгүнкү маалымат түрмөгүбүздүн эң башкы «каарманына» айланган коңшулаш бул эки айымдын ортосунан чыккан чыр кантип айтышка айланганын толук түшүнгүсү келген окурмандар адегенде бул шилтемени басып кыстырма андан соң төмөнкү айтышка көз жүгүртүңүздөр… Жылдыз Мамбеталиева: – Уктум эле көп эле: «Эки жакшы жайлоодон (…)

Читать далее »

Жылдызкан Жолдошова менен Осунбек Жамансариевдин айтышы

Автор aitysh, Март 12, 2013

Жылдызкан Жолдошова: Жапаров менен Ташиев Жаралган элдин багына. Алар туура жулкунган Атамбаевдин тагына. Ага чейин эки ирет Акүйдү каптап жабыла: Ыңкылап кылып жүргөндөр Көрбөдүңөр дагы да… Камчыбек менен Садырды Баатырлардын сабына Көзгө илип кошуп койгондо Көбөймөк баатыр саны да.

Жантөрө Сатыбалдиев менен Өмүрбек Бабановдун акыр заман боюнча айтышы

Автор aitysh, Март 11, 2013

Өмүрбек Бабанов: Кыштын карап түрүнө, Келмеңди айтып күбүрө. Антпесең кыргыз кабылды Акыр заман күнүнө. Газ, свет өчүп карайлап Суук арылдап үйүнө Кирип келди күттүрбөй, Билегиңди түрүнө Кам көрбөсөң ушинтмек, Башыңа балээ үйүлө… Кулак түрбөй өкүмөт Куураган элдин үнүнө, Ушуну көрмөк, (…)

Читать далее »

Текебаев менен Абдырахманов журналисттердин оозун ачырып айтышы

Автор aitysh, Март 9, 2013

Өмүрбек Абдырахманов: Эй, энеңди гана о-оой урайын! Эл шектенген чурайың Эркектики эмес дейт… Сооп кылыптыр кудайым. Эски досум эси жок Эмне дейсиң угайын?