Рыспай Исаков: Ыпластыктын мекени экен Ындыстан,/Ыраак болсун ой-боюман, денеден

Автор: aitysh, Март 18, 2013

– Рыспай, Индияга барып келипсиң. Эмне «базарлык» менен келдиң? Куру дегенде сапар кайрык жазуу ойго келдиби?

– Келмек түгүл, жаздым. Ар күндү кандай өткөргөнүмдү шурудай тизмектей албасмын, чачыратып жаздым. Кеп башынан болсун эмесе…

Капыл-тапылдан Индияга сапар чыгып, Алмата аркылуу жөнөп калдык. Катарыбызда 14 киши. Алардын ичинде комузчудан Закирбек, манасчыдан мен, «Шаттык» бийчилер тобунан 6 кыз, 1 жетекчиси, 1 ашпоз, Маданият министрлигинен 1 өкүл, калган үчөө кол өнөрчүлүк боюнча болду.

Жолдо баратып бул жактагы бүтпөй калган иштериме бир жагынан кыжаалат болом десең. Өзгөчө, Сакеме (Садык Шер-Ниязга) уят болчудаймын. Аны менен жер алуу боюнча сүйлөшүп аткам. Тилекке каршы, ар кандай себептер чыгып, мүмкүнчүлүк болбоду. Кандай айтсам да жөн эле шылтоо кылгандай болом деп акыры башканы эмес, өлүмдү ыр менен угузган кыргызбыз го дедим да, төмөнкүдөй төрт сапты жөнөтүп жибердим:

Буюрбаган насип үчүн тамшанып,
Буюрбаган ырыскыга чаңкадык.

Жонго конгон жору болду көртирлик,
Жорго минген жомок жолдон кайтарып.

Бул турмушта миң бир эки калчанып,
Бурганактуу жолдорунда чарчадык.
Аткарылбай калды, Саке, убадам,
Аракетти кылган менен канчалык…

(Үзүр)

Көп кечиктирбей эле Сакемден төмөнкүдөй жооп келип калбаспы:

Кырк ат эмне карызбы дейт бир эрге.
Кылчактаба кылыч менен кирерде.

Эр жигиттин үч удулу бар дешет,
Эсиң болсо бирин дагы жибербе.

Казакстандын чегарасына кирип калгандыктан, шашылыш жооп жазып ийдим.

Жанга дем болду сөзүңүз,
Жардамды берээр өзүңүз.

Келгенде жооп берейин,
Азыр, кербендүү сапар кезибиз…

Буга жооп катары Сакемен төмөнкүдөй ыр келген экен. Ал мага убагында жетпей калды. Антсе да, кезегин кетирбей жарыялап коюну жөн көрдүм…

Кезер жолуң ачык болсун эшиктей,
Кербениңден келгин иним кечикпей.

Кайсактаба, камгактанба катуу бол,
Калдым дебе ушул сөздү эшитпей!

– Индияны кеп кылчы, азыр ал жакта жай мезгили болсо керек…

– Индия абдан ысык экен, ысыктыгы 20-25 градуска чейин жетет, калың кийим албагыла деген кеңешке карабай, жылуу кийинип алыпмын күптүйүп. «Керектүү таштын оордугу жок» эмеспи дедим да.

Аэропортко келип түштүк. Бажыга келгенде эле чатак башталды. Декларация кагазында конуучу жердин дареги көргөзүлгөн бөлүгү бар. Аны эч кимибиз толтурган эмеспиз. Аныгы, бизге ушул дарекке келесиңер деп эч ким кабарлаган да эмес, кашайып. Бирок аны толтурмайын өтпөйсүңөр деп, бажы кызматкери жол тосуп турат. Ага түшүндүргөнгө, арабызда тилмеч да жок. Мынча болду, Индиянын көзөмөл талабы күчтүү го деген ой кетти. Качан гана «Суражкунд» фестивалына баратканыбызды билгенде, кудай жалгап бажычылар өз ара бирдемелерди бакылдап, бая эле айтпайт белеңер дегендей шыр өткөрүп жиберишти. Бирок алдыда бизди даа бир жагымсыз окуя күтүп турган экен…

– Ии…

– Бажыдан өтүп, жүктөрүбүздү алган соң, бизди ким күтүп алат деп, үмүттүү көздөрүбүздү жайнатып туш-тушка үңүлөбүз… Тилекке каршы, утурлап чыккан эч ким болбоду. Чакыруу шашылыш болгон соң, уюштуруу начар го деп ойлондум эле, ошол анык сыяктанды. Арабызда англис тилин чала-чарпыт билген жалгыз окуучу кызыбыз бар экен. Ошол аркылуу ар ким-бир кимге кайрылып, бизди тосуп алчулар менен байланыша албай, көпкө убара тарттык. Жада калса, ушулар тосуп алат деп берген телефондору да туура эмес болуп калбаспы, ээсин жоготкон иттей эңгиреп, жолдун ортосунда топтошуп турдук. Акыры орусча билген бир кытай аялдын жардамы менен күтүп алчулар менен эптеп байланышып, кезигиштик. Көрсө, ал таптакыр сыртта күтүп тура бериптир…

Жолдор тыгын. Унаа көп, анан калса, алардын көбү өтө эски экен. Бизден бетер, эреже деген менен иши жоктор да арбын экен ал жакта.

Акыры мейманканага да келип түштүк. 4 жылдыздуу деген менен сапаты ага төп келбейт. Сервис анчейин деле эмес. Жамгыр төгүп атат.

– Адаттан тыш дагы эмне балээге кабылдыңар бөтөн жерде?

– Бизге айтышкандай күн деле анча ысык болбоду. Программадан да дайын жок. Уюштуруу иштери өтө солгун экени байкалат… балкондо болсо маймылдар саякаттап жүрөт. Токчырактарды (лампочкаларды) бактарга бажыратып илип салышкан. Анысы түн ичинде жанганда алмуруттай көрүнөт экен, сонун болуп…

Көргөзмө жайчу жерди, сахнаны көргөнүбүз болбосо, ал күнү кечке бекер болдук. Эртеси концерт ачык жерде болгондуктан, күн ачылганча бошсуңар дешти. Күндүн көзү түштөн кийин ачылды. Индустар, африкалыктар, тажиктер, түркмөндөр жүрөт. Башкаларды али кезиктире элекпиз.

Индустардын ашыктыкты (балким, жалпы эле жакшы көрүү сезимин) билдирип, гүл чачышкан салты жакты. Анысын көргөзөбүз деп, сахнага тоодой кылып гүл үйүп салышты. Аны көрүп:

Айрымдардай суу чачышып ойнобой,

Арзуу үчүн гүл чачышкан эл экен…

Көңүлүмдө ушундай саптар орноп, жайма жармаңкелерди кыдырып жүрдүк. Үйдө балдарым оюнчук күтүп калышкан. Издегеним – балдарыма оюнчук. Аялдар, кыздар болсо, кадимки образында. Аларга кудай берип салды жарманке аралатып…

Саат үчтө деген концерт бешке жылып, анысы алты жарымда башталды. Буларга караганда биз немис турбайбызбы деп койдум ичимен…

Бизди жалпысынан абдан жакшы кабылдашты. Кышында жыңайлак жүргөн конголуктарды да жандуу тосушту. Алардын бутун көрүп, жытын искеген соң: «Айланайын, Алатоо!» деп айкырык салгың келет… Негизи жыт жагынан индустар деле кем калышпайт экен. Ушундан улам, булардын уйга кудайындай сыйынганы жөндүү окшойт деп калдым…

Кечинде элчи келип кетиптир. Анын арманын угуп отуруп, мен жардамдашкым келип кетти дейт арабыздан бирөө…

– Демек, индустарың деле биздей кулк-мүнөздөгү эл окшойт да, уюштуруу жагынан…

– Кийинки күнү да программалары өзгөрүп атты. 10го чогулгула деген, убактысында түшсөк, 13.00гө деди. Андан соң, дагы күттүк. Үркөрдөй болгон көрүүчүлөр менен концерт башталды. Өнөрдү кордобой, чыкпай эле коеюн дедим. Биздикилер да туура түшүнүштү.

Ындыстан жалпы бир эл эмес. Ар кайсы улуттун жыйындысы. Расмий 18 тили бар. Мамлекеттик тили экөө. Алар; англис тили, ынды (хинди) тили. Ынды тили улуттун түндүк диалектисинин тили. Мамлекетти бүтүндөп турган да ушул эки тил. Болбосо, ар ким өз тилинде сүйлөсө, бирин-бири түшүнбөйт эле да.

Азырынча Индия тууралуу билгеним ушул, Ожоке. Ал күнү кечки концертибиз болбой калды…

– Индустар «Манас» уктубу деги же аларга эртеси да «тултуйдуңбу»?

– Эртеси күнкү концерт саат 12ге жакын башталды. Кезек келип, ээ-э-ээй деп созолонтуп баштаганда эл арасынан ачык эле кол шилтеп, жактырбагандар болду. Аз жерден токтоп кала жаздадым. Сөзүмдү да жоготуп ийдим окшойт. Анан, буларың Жимини көлөч менен урган эл эмеспи деген ой кетип, улантып айта бердим. Бактыга жараша, аягында эл жакшы кабыл алды. Жалаң бий болуп аткан жерге бул эмне келип алган деп бүшүркөгөндөр окшойт алгачкылары…

Тамактардын арасынан суу күрүчтү көргөндө сүйүнүп кетип аттык. Помидор үчүн талашка түшөбүз деп ойлобопмун. Фри чучук сымак таңсык ко. Анысын анда-санда бир берет… Фриге тойгон Закирбек ал күнү «оосурагыбыз деле окшош жыттанып калды окшойт» деп баарыбыздын боорубузду эзип салды…

– Индустар баёо эл экенин байкадыңбы?

– Түндөсү уктап жатсам кобур-собур угулат. Закирбек бирөөлөр менен келген го деп ойлогом. Бирок башкача туюм болуп, ойгонсом, жергиликтүү индустар суроо-сопкутсуз кирип келип, барбы-жокпу дегендей, түз кирип келе албай турушкан экен. Кыргызчасынан бир шиңгил ашатканда, качып жоголушту. Баёолугу ошо да…

Эртең менен таңкы алтыда туш тараптан азан айтылып атты. Негедир буга чейин булардын үнү мынчалык даана угулбаган. Мечит деле анчалык алыс эмес окшойт. Мындан келди, биз өлкөнүн мусулмандары арбыныраак тарабында окшоп калдык дедим…

Сакоо менен дудуктай жаңдашып сүйлөшүп атып, биз буларды, булар бизди түшүнүшө баштадык. Жармаңкеге атайын бейджиг менен киргизип аткан. Ал күнү кашайып бөлмөгө унутуп калыпмын. Кана деп жаңдаганынан, «Калып калыптыр» десем, «Калып калыптыр» деп, тигил жол тоскон полицай да так кайталайт. Арасынан бирөө кечээ көргөн окшойт, «сонг» деп айтып, мыкты дегендей кол жаңдады. Ошондой деп баш ийкедим. Ошентип өтүп кеттик.

Алтынчы күн болгондуктанбы, жармаңкеге эл батпай кыжылдайт. Бүгүн уюштуруунун башаламандыгынан, ал күнү концертке катышпай калдым…

Кечинде Алтынай деген кызыбыз кабылдамадан англисче кайчы сураса, «А, кайжи» деп алып чыгып берди эле, буларга качан үйрөтүп койдуңуз эле деп, ал менден көрүп, боору эзиле күлөт. Сыягы булар деле кайчы дешет өңдөнөт…

Эртеси эртең мененки 7де топтолуп, 7.30да жалпы топ Таж-Макалды көрмөккө Аграга жөнөдүк. Жол алыс экен. Анан калса, уңкур-чуңкуру көп, кудум өзүбүздүн жолдордой…

– Аграны сүрөттөп берчи анда…

– Агра. Алыстан эле заңкайып, ак мармарлуу Таж Макал көрүнөт экен. Жолдогу машинелердин бипилдегинен кулак тунуп калды. Бул жерде жол эрежеси жөнүндө түшүнүк да жок өңдөндү. Ким жулунса, алдыга кете бермей экен. Жем талашкан жөжөлөрдөй болуп, алдыбыздан сатуучулар тосуп чыгып, ар нерсесин сунуштап, чурулдашып жатышты… Кадимки «Каныбектеги» Кашкар базары көзгө элестейт… Бир эле буюмун сурап койсоң болду, артыңан калбай ээрчип алат. Анча-мынча орусчаны да үйрөнүп алышкандары бар, болгондо да соодага керектүү сөздөрдү. Арасынан бирөө бизге жол көрсөтүп жүрдү. Белетти кайдан алыш керек, бахилдерди кайдан кийебиз, андан соң кайда барабыз, айтоор, баарын тастыктап берди. Алдап кетпесин деп, чочулагандар да жок эмес экен. Бейтааныш эле бирөө неге жардамдашат деген күмөн саноо да болбойт коёбу. Аныгында, мунусу соода кылуунун амалы экен. Кайра чыкканда тосуп алам, дүкөнгө киргизем деп, жаңдап түшүндүрүшөт ар нерсени. Рахмат айтып, кирип кетебиз.

Таж Макалга таңданганыбыз бүтпөйт, кайра чыга берген жерден баягы өзүн Сем деп тааныштырган ынды тосуп алды. Биз түшкөн сүрөтчүнү да таап коюптур. Ыраазычылык билдирип, соодасын кылып, жолго түштүк. Бирок мындагы соодагерлер бизди оңой менен кое берчүдөй эмес…

1000 рупий деген буюмун соодалашып отуруп, 100 рупийге алгандарыбыз болду… Сурап туруп, албай кетип калсаң эле болду. Артыңдан калбай, улам арзандатып жүрүп отурат. Ал тургай жүрүп бараткан унааларга жабышып соода кылгандары да бар экен…

– Мындай шумдуктарды былтыр Индияга коңшу Шри-Ланкага барганымда мен да көрдүм эле…

– Кандай болбосун, Индияда арзанчылык экен… Ал себептүү, биздикилердин баары бош боло калган убактысын эле базарга бармай, жармаңке кыдырмай.

Эртең менен тамактанып, Закир экөөбүз Дели тарапка жөнөдүк. Жолдон моторикша жалдадык. 15 км. жолго 250 рупий сурады. Кымбатыраак эмеспи деп тамашалашкан боюнча, эсте каларлык болсун деп, атайын ошол «дүк-дүк» дегенине түштүк…

Машиненин бипилдегинен кулак тунат. Кымгуут түшкөн авто-унаалар кыйма-чийме түшүп, биринин арасына бири кыпчыла калып, алдын торой калып зуу коюшат десең. Ал жактан Шайырбек экөөбүз кат алыштык.

Шайырбек Абдрахман жазат:

Индиядан Бабур тапкан бактысын.
Издеп кетип бактылуулук ачкычын.

Исаков да чакрасын ачтырып,
Индейлердин тапса экен дейм жакшысын.

Анда мен:

Ынды кызын көргөн кезде теледен,
Ышкым күчөп, көп козголчу делебем.
Ыпластыктын мекени экен Ындыстан,
Ыраак болсун ой-боюман, денеден.

Жолдо калсын жоругуң деп, түк күлбө,
Жору жашайт дарыянын үстүндө.
Жакшылыкка гүл чачканы болбосо,
Жапайы экен, көңүл калды үч күндө…

Баш оорутуп, тартканда не кур кайгы,
Башка жерден көрбөгөмүн мындайды.
Басып алып, өз динине киргизип,
Бабыр көбүн адам кылган турбайбы.

– Шайыр экөөңдүн айтышың мыкты болуптур, ата-а…

– Эриккендеги эрмегибиз эле интернет болду да. Интернетте отуруп, Эрнис Кыязов экөөбүз кат алыштык. Кат мындай…

Мен ага жаздым:

Көзүмдөн учту Кыргызстан,
Көчүктө калсын Ындыстан.

Эрнис мага:

Кыл тамак элең Ыраке,
Анан..бу…

Кыйналбадыңбы кэт жактан…

Мен ага:

Кызарып кеттим бетке айтсаң,
Кыйналдым чыны эт жактан.

Шалпылдак сөздөн балп этпей,
Шааниси жумшак кеп тапсаң…
Кантемин тилин билбесем,
Какшыкты айттың мүлдө сен.
Катын-кыз турат жанымда,
Кичине,
«Кагазга ороп» сүйлөсөң…

Эрнис мага:

Уйларды «кудай» дешчүле,
Ушуну бекем түй эске.

Унутуп калып кашайып,
Уй этин жеймин,- дей көрбө!..
Магдырап уксун индустар,
«Манасты» катуу чое бер.  
Жиниң келсе мына деп,
«Жими пой»,- десе «пойо» бер!..

Мен ага:

Уй этин бер деп кайрылуу,
Уят иш эмес, кайгы бу.
Аралаш жашайт бул жакта,
Адамы менен маймылы…
Эт эмес, шорпо табылбай,
Эстесем күйөм жалындай.
Айрандан башка тамак жок,
Армандан жүрөм арылбай…
Жашырбай айтсам чынымды,
Жактырбайт анча ырымды.
Көлөчтөгөндөй Жимини,
Көпчүлүк билбейт сыйыңды…

Эрнис мага:

Шорлото бербей көзүңдү,
Шорпону унут, эстебе.

Чакроборти өзү чакырып,
Чай берсе бирок «нет» дебе
Мусулман жансың досуке,
Муюсун индус, дават айт.
Уй дагы кудай болчубу?
Уксун деп муну кабат айт.
Махабат жактан номур бир.
Мактаса болот аларды… (а бирок..)
Кач досум, шумдук балээ бар..
Камасутра деген жанагы…))))

Мен ага:

Унутам кантип шорпону,
Уйдан да киши коркобу?
Мусордо жүрөт «кудайдын»,
Музоосу менен торпогу…
Бүтүн го досум илимиң,
Бүткөн да доору Жиминин.
Айшвария келсе да,
Айныбас жандын биримин…
Бир сөздү айтсам билесиң,
Бир сөздү айтсам күлөсүң.
Кутурган жиндер элестейт,
Кудайдын көрсөң сүрөтүн.
Ирээттүү сөздү баштайлы,
Ислам деп тартпа дат-кайгы,
Индустан жакта аалымдар,
Иштимай өтүп жатпайбы.

Көргөн жан чындап таң калаар,
Көп окшойт «чуңга-чаңгалар».
Көп кудай күткөн элдерден,
Көчүк да кеппи таң калаар…

Эрнис мага:

Мазеңди алып койбосун,
Махабат кууган жиндилер,

Мага кел десе жолобо,
Махатма, Хача, Жимилер..
Сыр бербейм такыр деп коюп,
Сырыңды билип албасын.
Сыйырды союп эт тартып,
Сыночек кылып албасын.
Чырайлуу кыздар чай сунса,
Чыдабай кетип өөп ийбе.
Чучук, казы жайнатса,
Чуркап барып жеп ийбе.
Ийбеген жанды ийдирип,
Иогасы менен сүйдүрүп.
Индустар чатак болчуле,
Иши кылса,
Калбайлы колдон жулдуруп…

– Экөөңкү боорду эзген айтыш болуптур, «күрүчтүн артынан күрмөк суу…» дегендей, буюрса «24.kg» МА окурмандарынын да жарпын жазгыдайсыңар… Даа эмне кызыктар болду ал жакта?

– КМШ аймагынан орус тилдүүлөр келип соода кылчу «Йашма» деген маркетине бардык. Андан соодага келген кыргыз туугандар менен кезигиштик. Бул жактан кыргыз көрбөйм го дедим эле. Эгемендик алгандан эле мында келип, отурукташып калгандар бар экен. Бизге манты алып беришти. Анысын анчейин жей албадык. Биздин каламадан башкача, түрктөрдүн нанындай наны болот экен. Анысын да «патыр нан» дешет. Биз жей турган тамак ошол гана болду.

Олжобай ШАКИР, «24.kg» MA, 20.02.2013-ж.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.