Жантөрө Сатыбалдиев менен Өмүрбек Бабановдун акыр заман боюнча айтышы

Автор: aitysh, March 11, 2013

Өмүрбек Бабанов:

Кыштын карап түрүнө,
Келмеңди айтып күбүрө.
Антпесең кыргыз кабылды
Акыр заман күнүнө.
Газ, свет өчүп карайлап
Суук арылдап үйүнө
Кирип келди күттүрбөй,
Билегиңди түрүнө
Кам көрбөсөң ушинтмек,
Башыңа балээ үйүлө…
Кулак түрбөй өкүмөт
Куураган элдин үнүнө,
Ушуну көрмөк, ушуну!
Айлаң кетип бүлүнө:
Атамбаев бийлиги
Акыры жетип түбүңө,
Алып түшөр бийликтен.
Азыр ага жүгүнө
Аксымдар каттап аткандыр,
Ушундай экен дүнүйө.
Оордуңду ар ким кудалап
Соода күчөп дүңүнөн:
Соо калбай дале бул жолу
Коалиция бүлүнөр.
Сатыбалдиев сени да
Садага чаап сүйүнөр.
Саясатчы далай жан
Креслоңо жүгүрөр…

Жантөрө Сатыбалдиев:

Ушул жашка келгиче,
Ойлобопмун эмгиче:
Талашарын бийликти
Тамандары желгиче.
Өкмөт неге болгом деп,
Өкүнөм го өлгүчө.
Кырылышып Акүйдө
Кызматтарды бөлгүчө,
Копшоп атат түбүмдү
Коалициядан ар мүчө.
21и «жомогун»
Кыямат күн болорун
Кыпылдашып айтты эле…
Көрсө, айтышкан турбайбы
Кышта элдин тоңорун.

Олжобай ШАКИР, «24.kg» MA, 21.12.2012-ж.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.