Жылдызкан Жолдошова менен Осунбек Жамансариевдин айтышы

Автор: aitysh, March 12, 2013

Жылдызкан Жолдошова:
Жапаров менен Ташиев
Жаралган элдин багына.
Алар туура жулкунган
Атамбаевдин тагына.
Ага чейин эки ирет
Акүйдү каптап жабыла:
Ыңкылап кылып жүргөндөр
Көрбөдүңөр дагы да…
Камчыбек менен Садырды
Баатырлардын сабына
Көзгө илип кошуп койгондо
Көбөймөк баатыр саны да.

Осунбек Жамансариев
Оолуккан кандай немесиң,
Оппозиционерлердин эжеси?!
Оорундуу сөз сүйлөбөй
Опурулуп келесиң.
ОБОНчу боло бербегин,
Оозуңан азап чегесиң.
Теңир эмес билип кой,
Тээ Жогорку Кеңешиң!
Ажылдай берсең бир күнү
Арбактардын жемесин
«Атажурт» угуп жүрбөсүн.
Эрендердин жоругун
Эрдик ишке теңешиң –
Эси жоктун айтканы.
Басынтам деп ойлобо
Баатырлардын элесин!

Олжобай ШАКИР, «24.kg» MA, 16.01.2013-ж.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.