Акаев менен Бакиевдин айтышы

Автор: aitysh, October 15, 2012

Аскар Акаев:
Калк накылын карасаң:
«Кардын башын кар жутат,
Кандын башын кан жутат» –
Таамай келди дал ошол.
Кезек келди табалаар,
Кез келдиби сагалаар?
Көргүлүктү сен дагы
Көрдүң катын-баладан.
Мени качкын дедилең,
Беш жыл өтүп арадан:
Кудай айткан көрүнөт,
Курманбекти ала бар.
Көөнө кыргыз айткандай,
Менин башым жутам деп,
Сен да болдуң камалаар.
Эсирген сен не кылдың,
Элди кырып чала жан.
Эсен-аман калсын деп
Эптеп эле кара жан,
Эси жогум бекерге
Элди кылдың жарадар.

Курманбек Бакиев:
Ырдадың узак сабалап,
Ыржалактап, табалап.
Сен да болдуң жаманат,
Мен да болдум жаманат.
Эмки бийлик эл-журтка
Экөөбүздү каралап,
Ээлик кылды тактыга,
Эстеп: көздөн кан агат.
Жамандашып бир жактан
ЖМКлар жабалап,
Качкын эки ажо деп
Калды кыргыз каганат.
Минскиге тентисем,
Сен Маскөөнү аралап,
Ала-Тоого кайталбай,
Жүрөгүбүз жаралап,
Өлүп калсак кантебиз,
Сөөгүбүз кайдан э-эй жай алат!?
Угуп тур дагы айтаарым…

Аскар Акаев:
Каңырыгым түтөттүң,
Кайгылуу күндөр бүтөттүр.
Адашканын адаштык,
Адилеттик күтөттүр.

Курманбек Бакиев:
Аскар, тур сөздү талашпай,
Айтышым калат жарашпай.
Ансыз деле келдик ко
Алыстап бетти карашпай.
Катының сенин, менин да
Катташпай калды аяштай.
Үзүп койсом кебимди,
Үндөбөй калат дедиңби?
Башталды жаңы илхамым
Басалбайсың демимди.
Алдым күүлөп комузду
Аламын эми кегимди.

Аскар Акаев:
Талаштың эле бийликти,
Талашсам сөздү кеп бекен.
Тактан куулуп мага окшоп,
Таарынганың эп бекен.
Темине бербей ордуңан
Термеге сен да кезек бер.
Теңсинбей элди бир кезде
«Тезек тер, – дедиң, – тезек тер»
Теледен да, гезеттен.
Теңирди бир кез тааныбай,
Телпең-телпең телпеңдеп.
«Андижандын полкасын»
Аянтка чыгып желпеңдеп,
Аябай бийлеп майрамда
Ары-бери кейкеңдеп…
Ажо кылар жорукпу?
Алып күндө колукту!
Жети күн айтсам түгөбөс,
Жемкорлугуң олуттуу.
Жегениң ашык менден да
Жек-жаатың бүтүн чогултту,
Жетинчи апрель болгончо
Жерден казып оюкту.

Курманбек Бакиев:
Жеңил туруп салмагың,
Жеңижок боло калганын.
Жети күн айтат элем деп,
Жемкорлугум андагын.
Жоругумду санайсың,
Жолдо өзүң калбагын.
Эсиңдеби баягы
Ельцин башка салганын,
Кашык менен чокуңа…
Кана ошону сайрагын.
Эгер эстен чыгарсаң,
Эстетер дейм Майрамың.
Тим эле кыйынсынасың,
Тиштебестей бармагын.
Калкты он беш жыл башкарып,
Калган жоктур арманың.
Ыңкылап эгер кылбасам,
Ыгы жок катын-балдарың
Ыштанын элдин шыпырмак,
Ысырап кылып жан жагын.
Ордуңа анан көз артып,
Ошонүчүн баргамын.
Акүйдү элге курчатып
А өзүм манты жалмадым.
Түбүңө менсиз жетсин деп
Түгөгүчө дарманың.
Анан менден аябай
Ака-үкалар жардамын:
Каалашымча ээ болдум
Калса канча чарбагың.
Билим эмес күч менен
Бийликти катуу кармадым.
Акыл кошор жаныма
Академик албадым.
Анан эми кажетсиз
Айткан менен ар жагын…
Чардаганын чардадым.

Аскар Акаев:
Тойбогон көзүң байлыкка,
Толтура билем, амалың.
Тоорушпас үчүн бийликти
Тор ичине камадың
Тобу менен канчасын,
Тоодой үйүп жарагың:
Токсон бала өлтүрдүң,
Тоотпой адам ажалын.
Саясат деген ушу экен,
Кыйындатып абалың…
Бийликке сени апкелген
Азимбек, Роза, жанагыл
Атамбаев баш болуп
Топчубек деген агаңын
Торуна түштүң. Аларың,
Түбүңө жетмек акыры
Талашып жүрчү таламың.
Калкка жексур көрсөттү,
Канкор далай кадамың.
Жадаттың элди беш жылда
Жадатат эми жамагың.
Жакпайбыз элге барыбир
Жаагымды мен да жабайын.
Кыйын экен төкмөлүк
Кыйылдап калды тамагым.
Ачуубузду басалы,
Алып чык болсо арагың… э-эй!

Курманбек Бакиев:
Чукушпай өткөн-кеткенди,
Чунаңдашпай кел эми,
Ачуубузду агөрөк
Арак менен жеңели.
Ырдап бүтө албайбыз,
Бары бир
Ыңкылап деген немени!

«24.kg» сайтында 17.09.2012-ж. жарыяланган

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.