Акаев менен Бакиевдин айтышы

Автор: aitysh, October 15, 2012

Аскар Акаев:
Калк накылын карасаң:
«Кардын башын кар жутат,
Кандын башын кан жутат» –
Таамай келди дал ошол.
Кезек келди табалаар,
Кез келдиби сагалаар?
Көргүлүктү сен дагы
Көрдүң катын-баладан.
Мени качкын дедилең,
Беш жыл өтүп арадан:
Кудай айткан көрүнөт,
Курманбекти ала бар.
Көөнө кыргыз айткандай,
Менин башым жутам деп,
Сен да болдуң камалаар.
Эсирген сен не кылдың,
Элди кырып чала жан.
Эсен-аман калсын деп
Эптеп эле кара жан,
Эси жогум бекерге
Элди кылдың жарадар.

Толугу менен

Аргымактан чыккан айтыш

Автор: aitysh, October 12, 2012

Өмүрбек Бабанов:
Кайым айтышты улайлы,
Компроматты эй-чубайлы:
Коалиция бүлүндү
Карасаң боло кудайды.
Өчөшсөң эле ар кимге
Өкүмөттү куумайбы?
Өлкөдө кайнап саясат
Өбөктөп дагы куурайбы?
Экөөбүздүн эй-чатактан
Эл жыйбай күздө буудайды
Акыйнек жалаң айттырган
Акүйдүн ичи чуу жай бу.
Алптүшүп мени кызматтан
Артыңды эптеп жуумайбы?

Толугу менен

Камчыбек Ташиев менен Хаджимурат Коркмазов айтыша кетти

Автор: aitysh, October 12, 2012

Камчыбек Ташиев:
Туз урсун сендей э-эй… немени,
Чайкайын депсиң кемени.
Эл өкүлү болду элең,
Эсирипсиң сен эми.
Ары жок сага жок экен
«Ата-Журттун» кереги.
Таарындык сага, мандаты
Тапшыргының кел эми.
Баркын анын билбесең,
Башкасына берели.

Толугу менен