Камчыбек Ташиев менен Хаджимурат Коркмазов айтыша кетти

Автор: aitysh, October 12, 2012

Камчыбек Ташиев:
Туз урсун сендей э-эй… немени,
Чайкайын депсиң кемени.
Эл өкүлү болду элең,
Эсирипсиң сен эми.
Ары жок сага жок экен
«Ата-Журттун» кереги.
Таарындык сага, мандаты
Тапшыргының кел эми.
Баркын анын билбесең,
Башкасына берели.

Хаджимурат Коркмазов:
Алдырбайм сагаң э-эй анымды,
Алсаң ал мейли жанымды.
Айрылсам эгер мандаттан –
Айланып өтүп Акүйдү:
Алыстап калам оюндан,
Абактан издеп жайымды.

Агөрөк тарат митингди,
Аябайын чайымды.
Акүй үшүн алууга
Аларга жайып пайыңды:
Айдактап өзүң койдуң го
Адатың мага дайын бу.

Камчыбек Ташиев:
Айтып мунун турганын,
Антип сөздү бурбагын.
Атап бизди улутчул

«Ата-Журт» атын булгадың.
Талапкер деп аш берсек,
Таш менен бизди урбагын.
Компромат табам деп
Коалицияга пулдадың.
Ойлодуңбу оюн деп
Козинодой бул дагын.

Хаджимурат Коркмазов:
Тиштесең тиште бармагың,
Тирештик эми калганын
Тизмектеп айтып чыгамын,
Тил учунда кармадым

Буга чейин көп ишти…
Бук болуп айтпай, арманым
Көөдөнгө батпай жүргөндө,
Көмөк издеп баргамын,
Сага душман тарапка…

Санаага бүгүн салганым –
Кеп эмес али, Камчыке!
Кетет дагы дарманың.
Кекене берсең, таарынба,
Кемийт далай салмагың.

«24.kg» сайтында 05.09.2012-ж. жарыяланган

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.