Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун абактагы айтышы

Автор: aitysh, October 15, 2012

Учурда абакта жаткан эки саясатчынын биринчи айтышы бул жерде.

Садыр Жапаров:

Э-эй, кудай урган Камчыбек,
Чууну кайдан салды элең?
Ала көөдөк, чоң муштум
Акүйгө неге барды элең!
Чынгызхандай болом деп,
Такка ушунча зар белең?
Аттап темир кашаадан
Кайда намыс-ар деген.
Ишке ал жолдон баргыдай
Не башка жол тар беле?
Же жулкунтар ичиңде
Жүз граммдай бар беле?

Камчыбек Ташиев:
Элди жыйнап дыр койгон,
Э-эй, митайым окшойсуң.
Эгер болсоң суу жүрөк
Эмнеге элди топтойсуң?
«Кумтөр» түшпөй оозуңан,
Кур атылган октойсуң.
Дерделеңдеп бийликти
Деле кыйын боктойсуң.
Күүлөнгөндө кыргызга
Күйөөр кызыл чоктойсуң.
Бакиевдин тушунда
Баарын эмне сокпойсуң?
Басаар кезде бийликти
Баштап митинг токтойсуң?

Садыр Жапаров:  
Баштагыча митингди,
Башаламан кылдың да.
Ороңдобой сөз уксаң,
Орду болот чырдын да.
Камчылансаң казатка
Камы болот тылдын да.

Камчыбек Ташиев:
Эй, токтотчу кебиңди!
Көрдүм чыккан желиңди.
Келсе эл Көл тараптан
Кечээ кайда чегинди?
Көтөрүлүп чыккыдай
Көрбөдүм го элиңди!
Бетин көрбөй кайтканбы
Берки турган Кеминдин.
Айлаң кетип ошондо
Арсыз билбей чегиңди
Парламентте кызаңдап
Көлдүк эки келинди
«Бет жок» дешип айтышсам,
Эрдик кылам дедиңби?!

«24.kg» сайтында 05.10.2012-ж. жарыяланган

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.