Ширин Айтматова менен Дамира Ниязалиеванын айтышы

Автор: aitysh, October 19, 2012

Ширин Айтматова:
«Фарм Трейд» деген э-эй ишканаң
Ширинди сотко берет деп,
Көөдөй жалаа жаппагын
Көргүлүктү көрөт деп.
Актаныш үчүн сен эптеп,
Эми «Фарм Трейддин»
Ээси такыр бөлөк деп,
Элдин мээсин айлантчу
Эл өкүл болдуң алдамчы.
Медайым кезде илгери
Менчигиндей карманчу
Медицина тармагын…
А министр болгондо
Артыңда ээрчип калган чуу…
Менсинип эми ЖоКеде
Мени кылып жалганчы,
Калбырыңды жашырып
Жан көрүнбө карганчу.
Жемкорлорго астыртан
Жеңичинен жардамчы
Болуп жүргөн ким экен,
Жооп кайырчы канакей
Мен эмес сынга арданчу.

 

Дамира Ниязалиева:
Жалаа жапкан жагынан
Жан киши чыкпас алдыңан.
Баш көтөрбөй Фейсбуктан
Байлангансып каргыдан…
Башка иш бүтүп калгансып:
Сатып алса ким эмне,
Саркеч киймин аңдыган…
Эпсиз кээде сүйлөйсүң,
Этегиң жаап жүрбөйсүң.
Эркектерди имерип,
Эркелесең үрдөйсүң.
Ээрчитип имиш артыңан
Эч уятты билбейсиң.
Эрмегиң жалгыз компьютер
Эл өкүлүн ким дейсиң.
Твиттен ушак таратып,
Тим койсом мени тилдейсиң.
Тилиңди тыйып жөн жүргүн
Тийишпей койсоң болобу,
Өзүңдү тыйып оболу?

Ширин Айтматова:
Фармацевт ишин колдонуп,
Бизнесиңде жол болуп,
Мыйзамдашкан наркотик
Саткан сага оң болуп,
Саяктыгың карматып
Сайрай бербе чоң болуп.

Дамира Ниязалиева:
Колготкисин ар кимдин
Козгогонуң кантейин.
Айтматовдун кызына
Абийир болбос анчейин.
Божомолду дөөдүрөп
Боло бербе тар пейил.

Ширин Айтматова:
Сендейлерге теңелбейм,
Сес бер канча, кебелбейм.
Токтот сөздү «мыртышка»
Твиттен жооптуу белендейм.
Бул жерден айткан кебиңе
Буюрса, комментарий берем дейм.

Дамира Ниязалиева:
Социалдык желеден
Соо болсоле таза жер:
Ким чүчкүрүп-бышкырса
Комментарий жаза бер.
Кылар башка ишиң жок,
Ар кимге ор каза бер.
Мен да сага теңелбейм,
Мемуар жаз, кебелбейм-эй!

«24.kg» сайтында 18.10.2012-ж. жарыяланган

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.