Салижан Жигитов менен Дооронбек Садырбаевдин одүйнөдөгү оозеки айтышы

Автор: aitysh, October 31, 2012

Саке:
Кайрап бүлөөр какшыгы
Кандай, Доке, жакшыбы?
Жарык күндөн ажырап
Жан жай алып жаттыбы?
Саясатсыз, митингсиз
Сага бул жер жактыбы?
Жай бербеген чыркырап
Жаның чындык таптыбы?
Кубалатып артынан
Куу турмуштун актыгы:..
Куудулдукка салчу элең,
Куп таап чыгып фактыны.
Кайран эл деп какшанып,
Жазып мыйзам, актыны:
Айтаар элең ЖоКеде
Ачуу кылып таттыны.
Өмүр кечип өрнөктүү
Өнөрдөн таап бактыңы,
Өлбөй койсоң не болмок
Жашоо жанга баттыбы?
Бакиевдин бийлиги
Басып бийлик, тактыны.
Тилди тартып жүргүн деп
Тизгиниңди кактыбы?..

Мен өлсөм да, сен өлбөй
Эсен турсаң эмине!
Ээрчип келбей артыман,
Эркечи жок элиңе:
Качан болсо каткыртып
Какшыктаган кебиңе:
Калчап акыл айтчу элең
Карыялык тегиңен.
Калыс сүйлөп ар качан
Калкты салаар эбине,
Калкагар тоо сен элең.
«Каркырадай жериңен
Калдың эл, – деп – айрылып…»
Кан кусканың уккамын.
Кайгың өмүр кемиген,
Кайран Докем, эрте өлдүң!

Өлөң ырды төгүшүп,
Өлсөк дагы көрүшүп,
Өйдө-ылдый турмушту
Экөөбүз бир бөлүшүп,
Эрмек кылсак дегемин,
Эшитейин кел эми,
Коштоп кетчи канакей,
Комузду күүлөп береги.

Доке:
Коомдун сезип арманын
Козголгон бейм арбагың.
Кокусунан эмес го,
Комузуңду чалганың.
Кокуй кыргыз кантти деп
Короодогу чарбагың…
Кордук көргөн элиме
Колдон келген жардамым
Берейин деп Жигитов
Беленденип калганын…
Катырчу элең абыдан
Калктын сындап каймагын.
Кайран Сакем өлбөй кал!
Карачы эми жан жагың –
Кабыр үстү заңгырап
Калаа болуп калганын.
Адилетсиз болуптур
«Ала-Арчага» барганың.
А мен келгем Байтикке
Тынч жатсын деп арбагым.
Көрүстөндө «Ала-Арча»
Такташ кыйын сан жагын –
Тазбайматтар толтура,
Ошолорго ар дайым
Эптүү сынды айтчу элең,
Эмне ал жакты тандадың?
Эми сени жалгыздап
Ээ Саке, эсил кайраным!
Эзүүгө калган жоксуңбу?
Если что сүйрөп балдагым,
Эмеле келип каламын,
Эзелкиңден тайбагын.

Көсөм элең бир келген,
Көп кыргыздан иргелген.
Көөдөнүң күйүп: элиңдин
Көйгөйүн айтып жинденген.
Көрөөгөчтүк жагынан
Көзүр элең пир делген.
Көркөм адабиятта
Көөнө оюң ийленген…
Көрбөдүм сендей залкарды
Көркоолордон ийменген.
Көзүнө сайып бийликти,
Көрбөй наам, сыйлыкты
Көзүң өттү кантейин,
Эми оозду жыйдыкпы:
Экөөбүз тең кабылдап
Эгеден болгон буйрукту?..

Саке:
Мага болуп ашына,
Мактап ийдиң ашыра.
Маңкайган Докем, артисим
Майышсаң мында жашыба.
Жоругуң айда жакчу эле
ЖоКеде кары, жашына.
ОБОН деп тергеп күлдүрүп…
Обу жок кеткен ашыга:
Ошондо Үсөн Сыдыков
Оппозиция башына
Оор күн салып турду эле.
«Оозуңду жап, – деп – аксакал»
Омуроолоп масы да,
Ооздуктап митинг-пикетти
Оролгондой касына
Ороңдоп катын-калачы
Ороп алып ургулап
Жумуртка менен ташына…
Оңбой калгыр Бакиев
Бокс менен машыга
Жүргөндүгүн айтчу элең..
Ал да качкан деп уктум
Лукашенконун кашына…

Эшиттим анан бир кепти,
Ошол кеп көөндү кирдетти!
Шакирттериң көп эле
Арбагыңа милдеттүү.
Алардын бири кур чечен
Мадумаров Адахан
Топурак сага салбаптыр,
Зыйнатыңа барбаптыр.
Сендей устат өлгөндө:
Жоокери болуп хан жактын,
Жанашып башка чөйрөгө
Жандилин бүтүн арнаптыр.
Тирүүңдө далай какшатып,
Тилиңди такыр албаптыр.
«Акжолду» алып жетекке
Ажоону гана жандаптыр.
Каркыра кетип атканда
Мамыгын каалап жаңгактын,
Казактын кызын алгам деп
Каалоосун кыйбай ал жактын,
Кайын журт кымбат көрүнүп
Кайран кырыгыз турганда
Катынга көөнүн арнаптыр.

Доке:
Ээ Саке, түтөйт каңырык!
Аларды эске салганың.
Билем мени Адахан
Бийликке жетип чанганын.
Так деген ушул турбайбы,
Так үчүн арнап кан-жанын:
Тагдырын элдин унутуп
Таксырдын угуп айдагын,
Мансапка жетип алган соң,
Мадумаров жайдагым
Манчыркап кеткен өтө эле
Малып майга бармагын.
Мас кылып бийлик: дөөгүрсүп
Мага түгүл жардамын
Майышкан элге берген жок
Далысын салып ал дагын.
Курманбек аны куураткан,
Куу сартты урсун арбагым!
Болбосо Саке, билесиң:
Текебаев экөөнү
Телчиккенче жандадым.
Терс аяк экен саясат
Тез эле бузду аларды,
Теңирге ушул арманым.
Тердеп кеттим болдучу,
Тең чыктык бүгүн, улайбыз
Терменин эртең калганын…

(Уландысы бар)

«24.kg» сайтында 31.10.2012-ж. жарыяланган

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.