Жылдыз Мамбеталиева менен Наристе Алиева айтыша кетти

Автор: aitysh, марта 14, 2013

Бүгүнкү маалымат түрмөгүбүздүн эң башкы «каарманына» айланган коңшулаш бул эки айымдын ортосунан чыккан чыр кантип айтышка айланганын толук түшүнгүсү келген окурмандар адегенде бул шилтемени басып кыстырма андан соң төмөнкү айтышка көз жүгүртүңүздөр…

Жылдыз Мамбеталиева:
– Уктум эле көп эле:
«Эки жакшы жайлоодон
Кудалашып түшөрүн,
Эки жаман жайлоодон
Кубалашып түшөрүн»
Коңшу турган биз дагы
Таймашсак не кең жерде,
Тар лифтинин ичинде
Жулкулдаша келгенде
«Жуткий» болуп окуя
Журтка болдук шерменде.
Жубайым да бир жактан
Мага жардам бергенде
Маалым кылып ийипсиң
«24.kg», жер-жерге…

Наристе Алиева:
– Жүзүң сенин курусун,
Сотко жетет бул ишиң.
Зоболоңду оңдурбас
Зомбулук кылып жүрүшүң.
Эмне лифтке камайсың,
Эриң экөөң сабайсың?
Албууттанып тим эле
Ажылдак иттей талайсың.
Жалган сүйлөп сен эми
Жалааңды мага жамайсың:
Келген сайын иш жакка
Кийесиң деп шиш така.

Жылдыз Мамбеталиева:
– Ит деп мени турганын,
Өзүнүн билбей кылганын!
Колумду тиштеп алдың го,
Кокоңо жетсе тырмагым.
Өтүгүңдү төргө илип
Өзүң мурда чырдадың.
Жакама чейин асылдың
Жакпай сени тыйганым.

Наристе Алиева:
– Жаныңды мынча жебегин,
«Жалаң шиш така киет» дебегин.
Док артпа, билсең, үйүмдө
«Домашный» менен элемин.
Үйүмдүн полу мрамор
Билгиң келсе себебин…

Олжобай ШАКИР, «24.kg» MA, 06.02.2013-ж.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.