Зарылбек Рысалиев менен Шамил Атаханов айтыша кетти

Автор: aitysh, марта 16, 2013

Шамил Атаханов:
– Э-эй, күпүлдөгөн Зарылбек,
Тергөө ишин далилдеп,
Койгонсуйсуң тим эле,
Бабановдун камын жеп…
Пара алган окшойсуң
Парламентте жаның жеп.

Зарылбек Рысалиев:
Э-эй, сен эмнени баштадың?
Кылыгымды ачпагын.
Кесиби мунун төмөн деп
Келээр кезек, шашпагын!
Кымындай шек келтирбе
Кылмыш бетин ачкамын.

Шамил Атаханов:
Көрдүм түзгөн актыңы,
Көбүртүп жок фактыны.
Министр болуп турганда
Оозуңду бирөө жаптыбы?
Фантазер боло бербе эми
Жоготкон соң тактыңы…

Зарылбек Рысалиев:
Коркутпаса эгерде
Текебаев дегениң.
Таап чыгып бермекмин
Талап-тоноп жегенин…

Олжобай ШАКИР, «24.kg» MA, 13.02.2013-ж.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.